Get Mystery Box with random crypto!

Туркун ойлор✍🌎

Telegram арнасының логотипі testjrt — Туркун ойлор✍🌎 Т
Telegram арнасының логотипі testjrt — Туркун ойлор✍🌎
Арна мекенжайы: @testjrt
Санаттар: Дәйексөздер , Білім
Тіл: қазақ
Жазылушылар: 222
Арнадан сипаттама

эгер адамда каало болсо,баары болот.

Ratings & Reviews

2.67

3 reviews

Reviews can be left only by registered users. All reviews are moderated by admins.

5 stars

0

4 stars

1

3 stars

1

2 stars

0

1 stars

1


Соңғы хабарлар 12

2021-09-02 15:58:39 Кандайсыздар туугандар бугун 2 сентябр конулум жок жаман болуп турам бугумду журогумдогу кайгымды суйунучумду сырттан буроого айтканым менен Жан дилдешим жок экен,конулум чогуп турганда жакындарымды сыйпалап таппай калдым 4балам майда болуп балдарыма Гана алаксып отурам мындайга омурумдо кабылчы мес элем Адам башына ар нерсе келет экен не болгонун айтпай койойунчу,мен эч кимге актангым келбейт Аллахым карап турат журогум ооруп ыйлап турам Аллахым жардам берсе экен, мен ото коркок болуп калыпмын жашоом озунчо Бир китеп чыгатко не кылам Эми...
18 viewsАкматова Гулзар, 12:58
Ашу / Түсініктеме
2021-08-27 03:43:22 АЯЧЫ

Бүтөй албай көңүлдөрдүн сыныгын,

Баскан жолдор багыты жок анчейин.

Баштан ашып турса дагы кылыгың,

Башка жанды сүйө албасам кантейин?!

Кабагым да ачылбастан суз тартып,

Каалоосу жок жашап жаткан кез бүгүн.

Канча жанды жүргөн менен суктантып,

Кайгы-муңда өтүп барат мезгилим.

Асыл адам акыр айтаар сөзүм бу:

— Арбып барат жүрөгүмдүн жарасы,

Ченеми жок сүйсөм деле өзүңдү,

Чоочун жандай болуп турам карачы.

Мени бир аз, мени бир аз аячы…

Ырысгуль Изатова
101 viewsАкматова Гулзар, 00:43
Ашу / Түсініктеме
2021-08-26 03:57:34
21 viewsАкматова Гулзар, 00:57
Ашу / Түсініктеме
2021-08-26 03:56:38
22 viewsАкматова Гулзар, 00:56
Ашу / Түсініктеме
2021-08-26 03:56:23
23 viewsАкматова Гулзар, 00:56
Ашу / Түсініктеме
2021-08-26 03:55:51
23 viewsАкматова Гулзар, 00:55
Ашу / Түсініктеме
2021-08-26 03:55:45
20 viewsАкматова Гулзар, 00:55
Ашу / Түсініктеме
2021-08-26 03:55:08
20 viewsАкматова Гулзар, 00:55
Ашу / Түсініктеме
2021-08-15 07:14:47 БОЛДУ ЭМИ…

Таарынбай тагдырыма көнөйүнчү,
Таалайсыз талаасына жөнөйүнчү.
Таң калбай анын жансыз, муздагына,
Таш көрсөм тагдырлаш деп өбөйүнчү.

Жалтанбай жалгыздыкка барайынчы,
Жашоону жар кырынан карайынчы.
Жасалма сырдашканча силер менен,
Жамгырды жолдош кылып алайынчы.

Бүгүн мен баарыңардан бөлүнөйүн,
Бугумду булутка айтып төгүлөйүн.
Бузуку жандар менен көрүшкөнчө,
Булакты күзгү кылып көрүнөйүн.

Болду эми бул ордумдан козголоюн,
Балааңардан кутулуп бош болоюн.
Бүк түшкөн арзыматка жолдош болбой,
Бурганак бороон менен дос болоюн.

 Мирлан Самыйкожо
91 viewsАкматова Гулзар, 04:14
Ашу / Түсініктеме
2021-08-11 19:16:22 ан күн бою тынбай жаап жаткан кардын бүртүкчөлөрү биринин артынан бири жерге түшүп жатты... Ал бүгүн гана өзүнө кайрылып келген балалыгын көпкө көз алдынан чуурутуп, таңга жуук уйкуга кеткенин сезбей калды...

* * *

Ал кабинетине кирип, катчы кызын чакырчу кнопканы басты. Катчы кыз кабинетке кирди.

– Шааркүл, кечеки кыздын дареги сенде барбы?.. Телефонун калтырды беле? – деди ал.

– Калтырган, Марат Алиевич, – деди да, кагазга жазылган номерди алып келди.

Ал кыздын номерин терип, трубканы кулагына жакындатканда, узун-узун коңгуроо кетти.

– Алло... – деди кыздын үнү. Арткы жактан аэропорттогу жарыялар Мараттын кулагына угулуп жатты.

– Бул мен... апаңдын классташы... Марат... – деди ал шаша.

– Угуп жатам... – деди кыздын маанайы суз. Кыз салам да айткан жок.

– Сен каердесиң?.. – деди Марат.

– Аэропортто... – деди кыз.

– Бир жакка учканы атасыңбы? – деди ал.

– Ии... – деди кыз узун дем алып. – Ошко...

– А анда жакшы болгон турбайбы!.. Апаң Алчага менден сөзсүз салам айт! Классташыңыз сизди дайыма эстеп жүрөт экен де... Кечеги бергендерине чоң ракмат... ал... балалыгыбызды эске салды... – деди ал. – Ден соолукта болсун!.. Апаңа жаш кезекте жапон жоолук алып берем дегемин... Ка-ап, сенин айылга барарыңды мурдараак билгенимде, апаңа жапон жоолук берип жиберет элем... – деди ал чын дилден качанкы берген убадасын азыр эстеп. – Алло... Айчолпон угуп жатасыңбы?.. Кыз жооп ордуна улутунуп:

– Апам эми сиздин жоолугуңузду салына албайт... Апамдан айрылып калдым... – деди да өпкө кага үзүк-үзүк ыйлап жиберди. «Чоң кыз телефонуңузду өчүрүңүз... Азыр самолёт учат...» деген үн Айчолпондун трубкасынан ага даана угулду. – Алло... алло... Айчолпон!.. – деп эмне айтарын билбей дендароо болуп калды...

Телефон тык өчтү. Кайра чалды... жооп болгон жок... Ушу саам анын көз алдынан күлсө эки бетинен чуңкурчасы көрүнгөн, жоодур көз Алчасы, ошол жылдарда жааган улуу кар, куйругу келте, төрт көз ит, айлуу түн, экөөнүн белектери, атып урган кары тийип оттой кызарып чыккан Алчанын көзү, биринчи жолу өбүшкөнү... эки өрүм узун чачы... баары-баары үзүлгөн тасмадай сызып өттү... ар бир элести көз алдында үлөштүрүп... ошол артта калган алыскы балалыктан өзүн издейт... ал аны эбак жоготуп ийгенин азыр сезди... ошол жоготуп жиберген элестердин барагында өчпөй калган жазуудай Алчанын элеси тартылды... Мараттын көкүрөгүнө көп жылдардан бери сыгылып чыгалбай келген эскерүү такалды. Ал өнө боюн ачуу сызгырып келип, жүрөккө уюлгуду... Сыртта кычыраган кара суук уруп турат... Кечээ жааган жумшак, тыбыттай кар, эми үстү муздай тоңуп турду...

Анын көкүрөгүндөгү тоңуп калган ошо муздак сезимди муштумдай жүрөгүнө түйүп алып Алча алыскы... алыскы... кайтпас жакка алып кетти...

...Мезгилдин бир мезгилинде жан дүйнөсүнө эч кандай чаң жуга элек балалыктын аруу, кыялкеч күндөрү, алгачкы сүйүүсү анын көкүрөгүнө келерин сезди беле?.. Адам жан тамыры балалык тура, ал ошо мезгилди көз карегиндей көкүрөктө сактап келген экен, бирок ал артта калган ошо кезге кайра баштан кире албай жүргөн, бу бир саамга токтогон өмүр ирмеми, аны ошол дүйнөгө аралаштырып жиберди... Ирмемди бир гана эскерүү токтото алат окшобойбу. Анын баамына ирмем токтоду. Ошо бала кезде, жашоо чындыгына акылы жетпесе да, баамы жеткенби?.. Качанкы окуя кайрадан артта калган балалык элесине чөмүлтүп жиберди... Бүткүл өмүрү көз жаштын бир тамчысындай кулап өткөнүн ал... азыр гана сезди... ошо көз жашта Алчасы да бар эле...

* * *

...кайрадан лепилдеп кар токтобостон жаай баштады.

[1] Дж.Кутзее – жазуучу, Нобель сыйлыгынын лауреаты.

[2] Луйбоф – туура жазылышы «любовь» – авт.


Булак: РухЭш сайты
86 viewsАкматова Гулзар, 16:16
Ашу / Түсініктеме