Get Mystery Box with random crypto!

Ханзаадам Катарлаш да, кайчы да өтүп канча адам, Карек талып, | Туркун ойлор✍🌎

Ханзаадам

Катарлаш да, кайчы да өтүп канча адам,
Карек талып, издегемин канчадан.
Капысынан түшүп келдиң жомоктон,
Канатыңды жайып алып, ханзаадам.

Чекит менен алмаша албай үтүрүн,
Күтүү ырын жазып жүрүп үшүдүм.
Күздө көктөн жылдыз терип келдиң да,
Илеп койдуң, аягына күтүүнүн...

Жыпар Исабаева