2022-03-10 03:49:44
Түшүм болуп калсынчы…
Бүгүн 8-март айымдардын майрамы ..
Бирок мен үчүн каргалашуу кұн болду.
Суук кабар айткан күн болду.
Мен ушул күнү менин Аска зоом болгон атакемен айрылдым..
Эрте менен эле майрамын менен деп куттуктап чалган атам 1сааттын ичинде ажал бизден атамы алып кетти
7 март жакшы маанайда уктадым жашоомдо баары соонун болчу.
Ата-энем,бир туугандарым баары тынч эле.
Эрте менен саат 10до мага чалуулар келди.
Тез кел атан каттуу ооруп атат экен деп бул суук кабарды укканда жүрөгүм зырп этип жан дуйном башкача болуп турган жеримен эмне кылышымы билбейм туруп калдым.
Ойума ата сизди ыраазы кыла албадым деп ыйладым..
Атоу мени ушул жарык дуйного келишиме себепкер сиз элес го атоу .
Убактысында кадырыңызга жетпедим атоу.
Кичине кезимде сиз менен соонун балалык күндөрүм откон менин дайым эсимде ..!
Биздин турмушка узатышыңыз керек эле атоу.
Эмнеге ажал сизди эрте алып кетти атоу!
Биздин сыйыбызды коро турган кезинизде эмнеге кеттиниз атоу !
Бизди кимге таштадыңыз атоу!
Дайым кызым деп менин эн эле сулуу кызым деп ким айтат эми атоу!
Түшүм болушун каалап атам атоу!
Айтыңызчы түшүм болсун атоу!
Бул жашоодо сиздин акыл айтчуу сөздөрүңүздү кимден угам атоу!
Апам менен чогу болушуңуз керек эле атоу!
Атоу Аллахым сизге бейиштен жай берген болсун атоу!
Мен тентек кызыңызды кечирин атоу !
Сизди бир көргөнгө зармын атоу!
Сизге ар дайым куран окуп турам ата
Аллахым сизге бейиштен жай берген болсун!
1.3K viewsМырзабекова Суйумкан, 00:49