Get Mystery Box with random crypto!

Курмандыгы болуу да кайран жаштар, Куратып оо бүттү го асыл жа | SMM | ВИЗУАЛ | КОНТЕНТ

Курмандыгы болуу да кайран жаштар,
Куратып оо бүттү го асыл жандар.
Оба билем балдарга ыйык жансың,
Ак мээнети талкалап уратпачы.

Агылуу да он сегишге кирбей жашы,
Акча тап жөнөтөт кайрандарды.
Атаке бай билбейсин Өз жашоомду
Мен жөнөткөн акчага үй алдыңбы.

Мына минтип талкалап ден соолукту,
Мусапырмын байланып күнү бою.
Ак сүтүңдү апаке атайын деп ,
Азып барам кубарып ойлодуңбу.

Силер үчүн жаным да курман болсун,
Сарамжалдуу акчаны колдонолу.
Ден соолуктан жаш туруп айрылбайын,
Асылдарым мени да ойлодуңбу.

Беш жыл болду талаалап жүргөнүмө,
Белден ылдый терлерип тогулуудо.
Балаң үчүн кичине сактап койчу,
Быйыл барып буйурса үйлөнүүгө.

Салт санаасы кыргыздын тугонбоду,
Сай сөөгүмдү сыздатып туготтуго.
Кайдан анан келекек курулмакчы,
Тойу менен олумтук куркуроодо.

Өлүү деле бир азап болот тура ,
Ашы кыркы жылдыгы узааруу да .
Туулган күндөр кырк жылдык элу жылдык,
Канчалаган акчалар сарпталуу да .

Мен эле эмес бүтүндөй балдарынан,
Маскванын суугунда жашаттынар.
Мекендеген өз жерин таштап койуп,
Чачырап бир кеттиго урпагынар