Get Mystery Box with random crypto!

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери расмий түрдө COVID-19д | Штаб КР по COVID-19

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери расмий түрдө COVID-19дун 206 890 учуру аныкталып, бул илдеттен 2991 адам өлүмү катталган.

COVID-19 пандемиясы адамдардын саламаттыгына олуттуу терс таасирин тийгизди. Кант диабети, гипертензия, жүрөк оору, өнөкөт өпкө оорулары сыяктуу кошумча дарттар катуу ооруга жана өлүмгө алып келүүчү факторлор болуп саналат.

Өзгөчө улгайган адамдар коронавирус жуктуруп алуу коркунучунда. Бул курактагы адамдарда иммундук системага жүктөлгөн ооруулар, анын ичинде вирустук пневмония, жүрөк жана кан тамыр оорулары сыяктуу коркунучтар болушу мүмкүн.

COVID-19 үчүн пандемия статусу алынганына карабастан, дүйнөдө жана анын ичинде Кыргызстанда бул инфекциянын жаңы учурлары дагы деле катталууда. COVID-19дун күч алышынын толкундуу мүнөзүн жана жаңы штаммдардын пайда болуу коркунучун эске алганда вирусту жеңдик деп айтууга али эрте.

Алдын алуу катары санитардык эрежелерди сактоо зарыл: колду тез-тез жууп туруу, бөлмөлөрдү желдетүү, адам көп топтолгон жерлерден оолак болуу жана эмдөөдөн өтүү.

Эмдөө COVID-19ду жеңүүдө эң натыйжалуу чара бойдон калууда.

ЭМДӨӨДӨН ӨТҮҢҮЗ!

COVID-19: Республикалык штаб

#ВакциныРаботают
#ВакциныЗащищают
#ЭмдөөСактайт
#защити
#эмдөө2023
#вакцинация2023
#ковид
#коронавирус