Кыргызстанда бир жумада, 25-апрелден 1-майга чейин, СOVID-19 и | Штаб КР по COVID-19
Кыргызстанда бир жумада, 25-апрелден 1-майга чейин, СOVID-19 инфекциясынын 12 учуру катталды.
Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.
Алардын ичинен 3 бейтап ооруканага жаткырылган.
2023-жылдын 25-апрелинен 1-майга чейин тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада.
Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат.
2022-2023-ж. жалпысынан COVID-19 инфекциясынын 22 140 учуру катталды, анын ичинен 20129 (91%) учур лабораториялык тастыкталган, ал эми 2011 (9%) учуру клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган.
ЭМДӨӨДӨН ӨТҮҢҮЗ!
COVID-19: Республикалык штаб
#ВакциныРаботают
#ВакциныЗащищают
#ЭмдөөСактайт
#защити
#эмдөө2023
#вакцинация2023
#ковид
#коронавирус