Get Mystery Box with random crypto!

Кыргызстанда бир жумада, 17нен 24-апрелге чейин, СOVID-19 инфе | Штаб КР по COVID-19

Кыргызстанда бир жумада, 17нен 24-апрелге чейин, СOVID-19 инфекциясынын 10 учуру катталды.

Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.

Алардын ичинен 4 бейтап ооруканага жаткырылган.

2023-жылдын 17-апрелинен 24-апрелге чейин тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада.

Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат.

2022-жылга жана 2023-жылдын 114 күнүнө карата жалпысынан COVID-19  инфекциясынын 22 128 учуру катталды, анын ичинен  20117 (91%) учур лабораториялык тастыкталган, ал эми 2011 (9%) учуру клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган.

ЭМДӨӨДӨН ӨТҮҢҮЗ!

COVID-19: Республикалык штаб

#ВакциныРаботают
#ВакциныЗащищают
#ЭмдөөСактайт
#защити
#эмдөө2023
#вакцинация2023
#ковид
#коронавирус