Get Mystery Box with random crypto!

COVID-19 жана чылым чегүү COVID-19 өпкө оорусу бар адамдарга, | Штаб КР по COVID-19

COVID-19 жана чылым чегүү

COVID-19 өпкө оорусу бар адамдарга, өзгөчө тамеки чеккендерге чоң коркунуч туудурат. Алар жогорку тобокелдик тобу болуп саналат.

Анткени коронавирус адамдын организмине атайын ААФ (ангиотензинди айландыруучу фермент) клеткалар аркылуу кирет. Чылым чеккендердин жана өпкөнүн өнөкөт обструктивдүү оорусу, бронхалык астма сыяктуу өнөкөт илдеттерден жабыркагандардын өпкөсүндө көп санда болот.

Тамеки тартпагандарга караганда, тарткандардын өпкөсүндө ААФ клеткалары дээрлик эки эсе көп болору илимий далилденген. Ошондуктан эки эсе чылым чеккендердин ооруга чалдыгуу тобокелдиги эки эсе жогору.

Эгерде адам өпкөнүн өнөкөт обструктивдүү оорусунан жабыркаса, а негизинде тамеки тарткандардын дээрлик бардыгында бул оору бар, анда COVID-19 оорусунун өтүшү оор болот.

Өпкө патологиясы бар тамеки чеккендер көбүнчө реанимация бөлүмүнө түшүп, өпкөнүн инвазивдүү эмес вентяляциясын алышат жана мындай бейтаптардагы натыйжа дени сак тамеки тартпагандарга караганда 2-3 эсе начар болот.

Эмдөөдөн өтүп жана тамекини таштап өзүңүздү COVID-19дун оор кесепеттеринен коргоңуз!

ЭМДӨӨДӨН ӨТҮҢҮЗ!

COVID-19: Республикалык штаб

#ВакциныРаботают
#ВакциныЗащищают
#ЭмдөөСактайт
#защити
#эмдөө2023
#вакцинация2023
#ковид
#коронавирус