Get Mystery Box with random crypto!

Франция Кыргызстанга COVID-19дан Pfizer вакциналарын өткөрүп б | Штаб КР по COVID-19

Франция Кыргызстанга COVID-19дан Pfizer вакциналарын өткөрүп берди

Франция Өкмөтү Pfizer компаниясынын COVID-19га каршы вакцинасынын 20 160 доза  вакцинасын өткөрүп берди.

КР ССМнын маалыматы боюнча бул эмдөөдөн өткөн калк үчүн бустердик дозаларды берүүгө багытталган COVAX глобалдык демилгесинин бир бөлүгү. Вакциналарды өткөрүп берүү боюнча иш-чарага Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова, ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм, Франциянын Кыргызстандагы элчиси Франсуа Делаусс катышты.

Вакцинаны өткөрүп берүү аземинде Гүлбара Ишенапысова иммунизациялоого жана Кыргызстандын элинин ден соолугун жакшыртууга жардам берип жатканы үчүн Франциянын өкмөтүнө жана COVID-19га каршы күрөшүүдө колдон келишинче жардам көрсөтүп жаткан өнүктүрүү боюнча бардык өнөктөштөргө ыраазычылык билдирди. “Биздин ишибиздин негизги максаты – жарандарды COVID-19ду чакырган вирусту жуктурганда олуттуу оорудан коргоо жана жуктуруп алуу тобокелдигин кыйла азайтуу. Калктын жалпы санынан эмдөөнүн 70 пайызына жетүү бизди жамааттык иммунитетке ээ болууга жакындатууга жардам берет. Биргелешкен аракеттер менен биз коронавирустук инфекциянын пандемиясына каршы тура алабыз деп ишенем”.

ЮНИСЕФтин колдоосу менен республикада Pfizer вакциналарын өтө төмөн -85C чейинки температурада сактоо үчүн атайын жабдуулар сатып алынып, өлкөгө жеткирилип, орнотулган. Кыргызстанда муздатуучу жабдууларды орнотуу жана текшерүү үчүн эл аралык эксперттер тартылган.

“Дүйнөлүк практика көрсөткөндөй, эмдөө COVID-19 менен күрөшүүнүн эң натыйжалуу ыкмаларынын бири. Биз Франциянын өкмөтүнө вакцинацияны кеңири жайылтууда Кыргызстан менен тилектештиги үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз. ЮНИСЕФ вакциналар менен камсыз кылууда жана аларга жеткиликтүүлүктү жакшыртууда өнөктөштөр менен бирге Кыргызстандын өкмөтүнө мындан ары да колдоо көрсөтө берүүгө даяр”, - деди ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлү Кристин Жольм.

ЭМДӨӨДӨН ӨТҮҢҮЗ!

COVID-19: Республикалык штаб
#ВакциныРаботают
#ВакциныЗащищают
#ЭмдөөСактайт
#защити
#эмдөө2023
#вакцинация2023
#ковид
#коронавирус