Get Mystery Box with random crypto!

COVID-19 татаалдашуулары менен кооптуу Оору жүрөк, өпкө, мээ, | Штаб КР по COVID-19

COVID-19 татаалдашуулары менен кооптуу

Оору жүрөк, өпкө, мээ, бөйрөк, кан-тамырларда жана адамдын башка жашоо үчүн маанилүү системаларында, органдарында оор татаалдашууларды пайда кылышы мүмкүн.

Коронавирустун кесепеттери инфекциянын өзүнөн кем эмес коркунучтуу. Коронавирустан кийинки эң көп кездешкен кыйынчылыктар:

чарчоону күчөтөт
демдин кысылышы
көкүрөк оорусу
жыт жоготуу
депрессия
баш оору
чачтын түшүшү ж.б.

Бул белгилердин бардыгы постковиддик белгилер болуп саналат.

Кадимки КРВИ жана сасык тумоодон айырмаланып ковидден кийин оорунун белгилери узакка сакталып калат.

Изилдөөлөргө ылайык бир нече ай бою

ооруп айыккандардын 21% эс тутум көйгөйү
23% - тынчсыздануу жана депрессия,
34% - жөтөл,
71% - демдин кысылышы сакталып калат.

Оорунун узак убакыт бою жоголбогон белгилери адамдын организмине чоң жүк жаратат, демек, жашоо сапатын бир топ төмөндөтөт.

Коронавирустук инфекцияга каршы эмдөө сизди КОВИДден кийинки белгилерден коргоого жардам берет. Вакциналар катуу оору жана өлүм коркунучун азайтат.

Улгайган адамдар жана өнөкөт оорулары барлар COVID-19 оорусун оор көтөрүшөт, ошондуктан алар биринчи кезекте эмдөөдөн өтүүлөрү керек.

Вакциналар COVID-19дан келип чыккан кыйынчылыктардын алдын алуу үчүн натыйжалуу жана коопсуз!

COVID-19: Республикалык штаб
#ВакциныРаботают
#ВакциныЗащищают
#ЭмдөөСактайт
#защити
#эмдөө2023
#вакцинация2023
#ковид
#коронавирус
#бустер