Кыргызстанда бир жумада, 20.02. 2023 - 27.02.2023-ж. карата ре | Штаб КР по COVID-19
Кыргызстанда бир жумада, 20.02. 2023 - 27.02.2023-ж. карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын 40 учуру катталды.
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.
Алардын ичинен 20 бейтап ооруканада дарыланууда.
2023-жылдын 20-27-февралына карата тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада.
Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат.
2022-жылга жана 2023-жылдын 57 күнүнө карата жалпысынан COVID-19 инфекциясынын 21 925 учуру катталды, анын ичинен 19 914 (90,8%) учур лабораториялык тастыкталган, ал эми 2011 (9,2%) учуру клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган.
ЭМДӨӨДӨН ӨТҮҢҮЗ!
COVID-19: Республикалык штаб
#ВакциныРаботают
#ВакциныЗащищают
#ЭмдөөСактайт
#защити
#эмдөө2023
#вакцинация2023
#ковид
#коронавирус