COVID-19: 60 жаштан ашкан адамдар үчүн өтө кооптуу 60 жаштан | Штаб КР по COVID-19
COVID-19: 60 жаштан ашкан адамдар үчүн өтө кооптуу
60 жаштан ашкан адамдар жана өнөкөт оорулары бар адамдар COVID-19дан улам илдеттин оор өтүшүнө жана начар натыйжаларга дуушар болушат. Ал эми эмдөө вирустун бардык варианттарынан катуу оорунун, ооруканага жатуунун жана өлүмдүн алдын алууга жардам берет.
COVID-19 каршы вакциналар улгайган адамдар жана өнөкөт оорулары барлар үчүн коопсуз. Вакцинациядан кийин күтүлгөн ысытма, чыйрыгуу, чарчоо сыяктуу терс реакцияларды коронавирустан кийинки татаалдашуулар менен салыштырууга болбойт.
Тобокел топтордогу адамдар COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүүлөрү зарыл. Максималдуу жогорку иммундук жоопту калыптандыруу үчүн вакцинанын 2-дозасынан кийин 4-6 айдан соң бустердик дозаны алуу сунушталат.
4-доза менен эмдөө биринчи бустерден кийин (3-доза) 4-6 ай өткөндө жасалат.
Бардык Үй-бүлөлүк медицина борборлорунан эмделүүгө болот.
Бүгүнкү күнү өлкөдө Sinopharm вакциналары жетиштүү санда бар. Ошондой эле жакында Pfizer вакцинасынын келиши күтүлүүдө.
ЭМДӨӨДӨН ӨТҮҢҮЗ!
COVID-19: Республикалык штаб #ВакциныРаботают #ВакциныЗащищают #ЭмдөөСактайт #защити #эмдөө2023 #вакцинация2023 #ковид #коронавирус