Кыргызстанда бир жумада, 13.02. 2023 - 19.02.2023-ж. карата ре | Штаб КР по COVID-19
Кыргызстанда бир жумада, 13.02. 2023 - 19.02.2023-ж. карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын 22 учуру катталды.
Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди.
Алардын 11и ооруканага жаткырылып дарыланууда.
2023-жылдын 13-19-февралына карата тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада.
Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат.
2022-жылга жана 2023-жылдын 51 күнүнө карата жалпысынан COVID-19 инфекциясынын 21 885 учуру катталды, анын ичинен 19 874 (90,8%) учур лабораториялык тастыкталган, ал эми 2011 (9,2%) учуру клиникалык-эпидемиологиялык тастыкталган.
ЭМДӨӨДӨН ӨТҮҢҮЗ!
COVID-19: Республикалык штаб
#ВакциныРаботают
#ВакциныЗащищают
#ЭмдөөСактайт
#защити
#эмдөө2023
#вакцинация2023
#ковид
#коронавирус