Кыргызстанда бир жумада, 6-февралдан 12-февралга чейин, COVID- | Штаб КР по COVID-19
Кыргызстанда бир жумада, 6-февралдан 12-февралга чейин, COVID-19дун 12 жаңы учуру аныкталган. Бул тууралуу КР ССМнын Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирет.
Алардын ичинен жети бейтап ооруканага жаткырылган.
06.02.2023-ж. – 12.02.2023-ж. аралыгында тобокелдикти баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар жашыл зонада турат.
Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат.
2022-жылы жана 2023-жылдын 43 күнүндө жалпысынан COVID-19 инфекциясынын 21 863 учуру катталды, анын ичинен 19 852 (90,8%) учур лабораториялык тастыкталган жана 2011и (9,2%) клиникалык жана эпидемиологиялык тастыкталган.
ЭМДӨӨДӨН ӨТҮҢҮЗ!
COVID-19: Республикалык штаб
#ВакциныРаботают
#ВакциныЗащищают
#ЭмдөөСактайт
#защити
#эмдөө2023
#вакцинация2023