Күтүлүп жаткан ызгардуу суук күндөрдө Ош шаарынын коммуналдык | @Osh_Kabar
Күтүлүп жаткан ызгардуу суук күндөрдө Ош шаарынын коммуналдык кызматтары күчөтүлгөн режимде иштейт
Бүгүн, 9-январда Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов кыш мезгилиндеги жылуулук боюнча Штабдын жыйынын өткөрдү.
Иш-чаранын алкагында тиешелүү мекеме-ишканалардын жана кызматтардын жетекчилери күз-кыш мезгилиндеги жылытуунун жүрүшү, адистештирилген коммуналдык ишканалардын жолдорду тазалоого даярдыгы, жылуулук менен камсыздоочу ишканалардагы көмүр запастары боюнча маалымат беришти. Билим берүү мекемелери офлайн режиминде да, онлайн режиминде да окууга толук даяр экендиги белгиленди.
Мэр болжолдонгон сууктан улам шаардын бардык муниципалдык кызматтары жана ишканалары күчөтүлгөн режимде иштөөсүн тапшырды. __________