Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда жакынкы күндөрү катуу суук боло | @Osh_Kabar
Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда жакынкы күндөрү катуу суук болот
Жакынкы күндөрү Кыргызстанда катуу суук болорун Кыргызгидромет билдирди.
9-10-11-январда республиканын көпчүлүк жеринде мезгил-мезгили менен кар жаап, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет.
10-11-январда абанын температурасы кескин төмөндөйт
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -5…-10, күндүз -3…-8;
12-13-январда абанын температурасы мындан да төмөндөйт:
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жана Ысык-Көлдө түнкүсүн -12…-17, күндүз -9…-14;