Get Mystery Box with random crypto!

Урматтуу элимдин агартуучулары, келечектин кеңейтүүчүлөрү жана | Оку долбоору

Урматтуу элимдин агартуучулары, келечектин кеңейтүүчүлөрү жана жерибиздин байкалбаган баатырлары! Силер илгертен бери караңгылык менен кармашып, наадандык менен алышып, өз уулуңардан артык өзгөлөрдүн уул кыздары үчүн күн-түн дебей мээнет кылып келесиңер. Жарыбаган айлык, шарты жок мектеп, тумчуктурган турмуш дагы силерди мугалимдик кесибиңерден алыстата алган жок. Эмгегиңерди бирөө бааласа, ону баалабады, бешөө түшүнсө, жүзү түшүнбөдү. Бирок, бул дагы силердин кайратыңарды майтарылткан жок. Ийгиликке жеткен ар бир инсандын артында силердин опол тоодой эмгегиңер турганын силер айтпадыңар, биз сезбедик. Бир тамга үйрөткөнгө кул болоюн деген түшүнүктү билгенине да, билбегенине да бирдей билим берген айкөл болгонуңарды эч ким тана албайт. Бар болгула, агайларым, эжелерим. Силер бар мектептерибиз ачык, балдарыбыз билимдүү, келечегибиз кең! Катарыңар суюлбасын, кайратыңар бөксөрбөсүн! Майрамыңар кут болсун!!!