Get Mystery Box with random crypto!

#жаратылышкызыктары Дүйнө кандай гана кенен. Анда катылып жа | Жаңы Муун Жаштары 💡

#жаратылышкызыктары

Дүйнө кандай гана кенен. Анда катылып жаткан канчалаган сырлар бар. Өзгөчө жаратылыш, жаныбарлар, өсүмдүктөр дүйнөсүндө. Бүгүн сиздерге эң уулуу деп эсептелген Manchineel алмасы тууралуу кыскача маалымат беребиз. Окуп, оюнузду калтырсаныз болот))

Манчинел (Hippomane mancinella) — Флоридада, Кариб деңизинде, Борбордук жана Түштүк Американын айрым бөлүктөрүндө өсөт. Ар дайым жашыл түстөгү дарак. Анын жалбырактары жана мөмөлөрү алманыкыга окшош, ал кээде зыянсыз "жээк алмасы" деп аталат.
Бирок, анын испанча аталышы, manzanilla de la muerte ("кичинекей өлүм алмасы") анын коркунучтуу касиеттерин жакшыраак чагылдырат.
Өсүмдүктө бир катар токсиндер бар жана анын мөмөлөрүн жеп коюу сизди өлтүрүп коюшу мүмкүн жана оозуңуз менен кызыл өңгөчүңүздү ыйлактырып жибериши мүмкүн. Жалбырактардын жана кабыктын сүт ширеси теринин күчтүү аллергиялык реакциясын пайда кылган форбол деп аталган дүүлүктүрүүчү химиялык затты камтыйт. Даракка түшкөн жамгыр тамчылары форболду чогултуп, астында турган адамды күйгүзүшү мүмкүн. Даракка тийүү да теринин ыйлаак болушуна алып келет.
Жергиликтүү элдер жебелерди ууландыруу үчүн ширесин колдонушкан жана изилдөөчү Хуан Понсе де Леон Флоридага экинчи сапарында ушундай куралдан каза болгон деген божомолдо калган. Башкача айтканда жаанын жебесинин учуна өсүмдүктүн ширесин коюп атышкан. Изилдөөчүлөр тарабынан аныкталганга чейин колдонушкан.