Get Mystery Box with random crypto!

#Тезокуу Ойлонткон ойлор Адам чарчайт, күлгөндөн, кайгырганда | Жаңы Муун Жаштары 💡

#Тезокуу Ойлонткон ойлор

Адам чарчайт, күлгөндөн, кайгыргандан, жеңилүүдөн, жеңүүдөн, бактылуулуктан, бактысыздыктан, күрөшүүдөн, эч нерсе жасай албоодон, күтүүдөн, күттүрүүдөн.....
Адам чарчайт, адамга эч нерсе жакпайт.

Ар дайым жаңы нерселерди каалай беребиз. Чыдамыбыз аз. Сабырыбыз өтө эле чектелүү. Бир нерсенин дагы да көп болуусун каалайбыз. Бар нерсени убакында барктабайбыз. Өзүбүздү эмес өзгөлөрдү көбүрөөк ойлойбуз. Же өтө эле өзүмчүлбүз. Туура эмес иштин туура эмес экенин билсек да жасай беребиз. Башкалардын ою, көңүлү менен эсептешпейбиз. Же тескерисинче башкалардын көңүлү деп өзүбүздү унутабыз.
Кызык, эмне үчүн мындайбыз?.......

~Жолдошева А.