Get Mystery Box with random crypto!

#каналтууралуу Канал тууралуу да кыскача айта кетсек) Каналд | Жаңы Муун Жаштары 💡

#каналтууралуу

Канал тууралуу да кыскача айта кетсек)
Каналда негизинен күн сайын атайын программа аркылуу ар кандай маалыматтарды жөнөтүп турабыз. Атайын хештег менен жазылганы да ушунан. Бир тараптуу кылсак кызыксыз болобу деген ойдо ар кайсы тармактарды камтыганга аракет кылуудабыз.
#денсоолук - Ден соолук тууралуу, окурманга пайдасы тийчү, жасай алчу маалыматтар
#Тезокуу - Оболу тез окуу жөнүндө, андан кийин китептерден алынган, ар кайсы булактардан алынган же кээде жазылган асыл ойлорду бөлүшөбүз, максатыбыз азда болсо кыйыр түрдө айтылган насаатардан пайда алуу
#Кызыктуутекст - Ар кайсы мистикалык тексттер, кээбири чындык болсо, кээбири чындыкка дал келиши мүмкүн
#четолкоготапшыруу -Чет өлкөгө окууга тапшыруунун жолдору, ар кандай программалар, сайттын ссылкалары менен
#жаратылышкызыктары - Атайын жаратылышты изденип окугандар аз болушу мүмкүн, а биз окурмандар билбеген, көбүнчө такыр ойлонбогон жаратылыш кызыктары тууралуу айтып беребиз
Ар жума сайын кызыктуу фактылар тууралуу кыскача тест болот. Бул тесттер фактылар. Ойлонбостон белгилеп билимиңизди тереңдетсеңиз болот))

А сиз атайын күтүп окуган рубриканыз кайсы?