Get Mystery Box with random crypto!

#Тезокуу Кетүү Баарың эле кетүүнү каалайсың, эмнеге мындай? | Жаңы Муун Жаштары 💡

#Тезокуу

Кетүү
Баарың эле кетүүнү каалайсың, эмнеге мындай? деп бир жакшы адам суроо узаткан эле. А мен жаңы нерсе көргүсү келет да деген элем.
Азыр ойлоп көрсөм андай деле эмес окшойт.
Алар күнүмдүк көрүп жүргөн нерселерден тажашкандыр, күнүмдүк жалгандан, айлансындагы өзү гана сезе алган тынчтыктан, бир гана аны менен жүргөн күнүмдү иштеринен, чече албай жүргөн көйгөйлөрдөн тажашкандыр.
Ал эми узак жактарга кетип, жаңы чөйрөдө болуп, баарын алмаштыргысы келгендир.........
Бирок кетүү бул выход эмес экен, болгон көйгөйдү чечпей кетүү, андан качуу, бул коноко барардан мурда бөлмөңө кийимдеринди чачып кеткен сыяктуу. Аны өзүңдөн башка эч ким жыйнабайт. Ал сенин бөлмөң, сенин көйгөйүн, демек эмненин кайда турарын, турушу керек экенин өзүң гана билесиң. Жана мына ошол нерсе жыйналганда, ирээтке келгенде, чечилгенде өзүңдү кандай гана бош, жеңил сезип каласың э.


~Жолдошева А