Get Mystery Box with random crypto!

#Тезокуу КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕГИ ЭҢ МЫКТЫ 5 КИТЕП 1. Эмне үчүн | Жаңы Муун Жаштары 💡

#Тезокуу

КЫРГЫЗ ТИЛИНДЕГИ ЭҢ МЫКТЫ 5 КИТЕП


1. Эмне үчүн китеп окушубуз керек - эмне үчүн китеп окушум керек. Китеп окубай деле бай ийгиликтүү адам боло алам деп ойлоп аткандар үчүн эң соонун китеп. Бул китепте ар бирибиз китеп окуу да туш болгон түрдүү проблемалар га оңой олтон жооп айтылган. Ар биринизге сунуштайбыз!

2. Биз эмнеге муктажбыз - азыркы учурдагы элдин ичинде болуп жаткан койгойлорго назар салынып жазылган китеп. Адам озунун напсисинин кулу болуп, эмне кылаарын билбей, жалкоолуктун туу чокусуна жеткен учурда ага бул китеп жардам бере алат. Бул китеп адамдарды илимди, Алла Таала жараткан нерселерди таанып билууго жана иштин козун билип кылганы уйротот.

3. 0'дон башталган миллион. Бул китепте ийгиликке жетүүнүн көп ачкычтары катылгандыктан, окурман өзү үчүн пайдалуу маалымат чогулта алат. Өзүңдү-өзүң кантип өнүктүрө аласың? Ийгиликти багынтуунун сырлары эмнеде? Убакытты кантип туура пайдаланууга болот? Айылдан ааламга кантип жол алууга болот? Каржы жаатында кантип көз карандысыз боло алабыз?

4. Жүрөктү агарткан кара сөздөр - китепте адам пробеламсын жогорудан карап, анын рухий, коомдук, күндөлүк, этикалык, эстетикалык проблемалары боюнча ой толгонгон. Бул китеп жаштарга жана бардык китеп сүйүүчүлөргө арналат

5. Өзүңдү оку - китеп анатомия, физиология, биохимия, патаномия, патофизиология, гистология, гигиена, терапия, психология жана башка илимдерге таянып жазылган. Бул китепти окуу менен өзүңүздүн ким экениңизди, кандай гениалдуулук менен жаратылганыңызды дагы жакшыраак тааныганга жана өмүрүңүздүн сак саламатта уланышына жардам берет.