Get Mystery Box with random crypto!

#Кызыктуутекст Жалпы жаштарга кулак кагыш!! Ала-Тоодо болу | Жаңы Муун Жаштары 💡

#Кызыктуутекст

Жалпы жаштарга кулак кагыш!!

Ала-Тоодо болуп жаткан апаат, ааламда да болуп жатканын унутпагыла! Бирок Ала-Тоодогу адепсиздик азыркы тапта башка жеде болуп жаткан жок!!!
Резиденцияда иштеген адам ийгиликке жетпейт, жан дүйнөсүнө илимдин резиденциясын салган адам ийгиликке жетет…
Кайсы тилде сүйлөсөң да өз билгениңден ашыкты айта албайсың…
Жаштар улууларды акылсыз деп ойлошот, бирок улуулар жаштардын акылсыз экендигин жакшы билишет…
Майда кемчиликтер дагы абдан маанилүү, кээде кичинекей бир тешик чоң кеменин чөгүшүнө жол ачат…
Кызык короздор бар, кыйкыргандыгы үчүн таң атты деп ойлошот…
Көп адам оозу бош эмес болсо сүйлөбөш керектигин билет, бирок башы бош туруп сүйлөгөндөн тартынбайт…
Кол чабууларга сыймыктанбаңыз. Көпчүлүк кол чапса жакшы, бирок чабылган колдор кошоматчылардыкы болсо жакшы эмес…
Китеп окубаган адамдын тамга тааныбаган адамдан айырмасы жок…
ЖАШТАРДЫ КИТЕП МЕНЕН БАКПАГАН ЭЛДИН КЕЛЕЧЕГИ АЗАПТАН АРЫЛБАЙТ......
Инсан болуп интернетке кирип ИТ болуп чыгып кеткендер көбөйдү...
Сенсиреген менен сенден улуудан ашып кетпейсиң. Аксакал болсо да өз өлкөсүнүн ажоосуна "СИЗ" - деп мамиле кылып жаткан жүзгө чыккан карыядан сабак алгыла

Идрис акын