Ассаламу алейкум уа рохматтуллохи уа барокатух Тема: Аллах Т | "Мусулман кыз" Английский курс📚
Ассаламу алейкум уа рохматтуллохи уа барокатух
Тема: Аллах Тааланын 99 ысым-сыпаты 1-сабак
Абу Хурайра радыяллоху анху төмөнкүдөй хадис риваят кылган: Пайгамбарыбыз Мухаммад ﷺ айтты: “Аллах Тааланын 99 ысымы бар. Бирөө кем жүз. Ал - так, тактыкты сүйөт. Ким ошолорду жаттаса Бейишке кирет. Ал өзүнөн башка кудай жок болгон Аллах, Ар-Рохман, Ар-Рохим...” жана башкалар.
Пайгамбарыбыз ﷺ мына ушул ысымдардын ар бирин назарда тутуп айтты:“Аллахтын кулк мүнөзү менен мүнөзүңөрдү ондогула” Тактап айтканда Аллахтын ысым сыпаттарынын ар биринин маанисин билип , кулк мүнөздү оңдоо бул ысымдардан пайдалангыла жана ал көркөм ысым-сыпаттардан үлүш алгыла!!!