1-сабак Тема: Бейиш энелердин таманынын астында Хадис Му | "Мусулман кыз" Английский курс📚
1-сабак
Тема: Бейиш энелердин таманынын астында
Хадис
Муаваия бин Жахима (родиаллоху ь'анху) кабарлайт:
“Алланын Элчисинин ﷺ жанына келип : “Оо, Аллахтын Элчиси !Алланын ыраазычылыгынан жана акырет күнүнөн үмүт кылып, сени менен бирге жихадга чыгууну каалайм”- дедим. Ошондо Пайгамбарыбыз Мухаммад ﷺ “Ой, шоруң каткыр, энеңдин көзү тирүүбү ? ”- деп сурады. Мен: “Ооба, эй , Алланын Элчиси ! - дедим. Ал мага: “ Кайтып барып энеңди бак”- деди.
Бир топ убакыттан кийин мүмкүнчүлүгүн таап , Пайгамбарыбыз Мухаммад ﷺ дын башка жагынан жакындап келип :“Оо, Аллахтын Элчиси !Алланын ыраазычылыгынан жана акырет күнүнөн үмүт кылып, сени менен бирге жихадга чыгууну каалайм”- дедим. Мага кайрадан: “Ой, шоруң каткыр, энеңдин көзү тирүүбү ? ”- деп сурады. Мен: “Ооба, эй , Алланын Элчиси ! - дедим. Ал мага: “ Кайтып барып энеңди бак”- деди. Мен чын ниеттен бул нерсени (жихадга чыгууну) көздөгөнүмдөн бул жолу Пайгамбарыбыз Мухаммад ﷺ дын алды жагынан келип: “Оо, Аллахтын Элчиси !Алланын ыраазычылыгынан жана акырет күнүнөн үмүт кылып, сени менен бирге жихадга чыгууну каалайм”- дедим. Ошондо Пайгамбарыбыз Мухаммад ﷺ “Ой, шоруң каткыр, энеңдин көзү тирүүбү ? ”- деп сурады. Мен: “Ооба, эй , Алланын Элчиси ! - дедим. Бул жолу, Ал мага: Ой, шоруң каткыр, бар энеңдин жанында бол, бейиш анын таманынын астында’ - деди”.
[Хайсами, Мажмауз заваид, 3/435; Табарани, Алмуьжамул кабийр, 7/362; Ибн Маажа, Жихад 12 ; Ажлуни, Кашфул хафаа, 1/335, 1078 - хадис]
Даярдаган: Мусулман кыз
.
ЭСКЕРТҮҮ
Башка группага жиберсеңиздер эч бир жерин өзгөртпөстөн, жана кошпостон ушул бойдон жибериниздер!!!
.
Биздин "Ислам дүйнөсү Айымдар" группасына кошулуу үчүн
https://wa.me/+996222719477
.
Биздин телеграм канал
1) https://t.me/musu1mankyz
2) https://t.me/islam_duinosu
.
Биздин инстаграм баракчабыз
1) https://instagram.com/_musu1man_kyz_?igshid=tzgwt7j1kmxo
2) https://instagram.com/_islam_duinosu_?igshid=tzgwt7j1kmxo