Get Mystery Box with random crypto!

Жакшы ниет Бир инсан: — Мен сөзсүз бир садага б | "Мусулман кыз" Английский курс📚

Жакшы ниет

Бир инсан:


— Мен сөзсүз бир садага беремин — деп жакшы ниет кылды. Ал түн ичинде садагасын алып чыгып, аны байкабастан бир ууруга кармата берди. Эртеси күнү эл:


— Таң калычтуу! Түндө бирөө бир ууруга садага бериптир! — деп сүйлөй башташты. Садага берген киши:


— Йа, Рабби! Сага шүгүрлөр болсун. Мен сөзсүз дагы бир садага беремин! – деди. Дагы садагасын алып үйүнөн чыкты. Бул жолу аны байкабай бир сойкуга берип койду. Эртеси күнү калк кайра:


— Шумдугуң кур! Түндө бирөө бир сойкуга садага бериптир! — деп ушак айта башташты. Садага берген киши:


— Йа, Рабби! Сойку болсо да садага бергеним үчүн сага шүгүрлөр болсун. Мен сөзсyз дагы бир садага беремин! – деди. Ошол түнү кайра үйүнөн чыкты да, садагасын билбей бир байга берип салды. Эртеси күнү эл:


-Бул эмнеси?! Түндө бирөө байга садага бериптир! – деп сүйлөнө баштады. Садага берген киши: «Йа, Рабби! Ууруга, сойкуга жана байга да болсо, садага бергеним үчүн, сага шүгүрлөр болсун!» — деди. Бул ыкыласы үчүн түшүндө ал кишиге минтип айтылды:


«Ууруга берген садагаң аны, балким, уяткарып, уурулуктан баш тарттырат. Сойку, балким, кылганынан баш тартып, намыстуу аялга айланар. Бай болсо, балким, мындан сабак алып, Алла ага берген мал-мүлктөн муктаждарга таратар.»
(Бухарий, Зекет, 14; Муслим, Зекет, 78)

Ꭰᴀяᴩдᴀᴦᴀн: ᎷуᏟуᏗʍᎪн ᏦыЗ