Get Mystery Box with random crypto!

Оо азиз инсан, билгин! Инсан бир жолоочу. Балалыктан жаштыкка, | "Мусулман кыз" Английский курс📚

Оо азиз инсан, билгин! Инсан бир жолоочу. Балалыктан жаштыкка, жаштыктан карылыкка, карылыктан кабырга, кабырдан хаширге, хаширден түбөлүктүүлүктү көздөй сапары уланып кете берет. Эки жашоонун тең керектелүүчү нерселери Малик-уль Мульк тарабынан берилген. Бирок инсан ошол керектелүүчү нерселердин бардыгын түркөйлүгүнөн улам бул убактылуу жашоого гана сарптап келет. А бирок чындыгында, ошол керектелүүчү нерселердин жок дегенде ондон бир бөлүгүн бу дүйнө жашоосуна, калган тогуз бөлүгүн түбөлүктүү жашоосуна сарптоосу керек эле. Таң калыштуу, бир канча мамлекетти кезип келүү үчүн өкмөттөн жыйырма төрт алтын алган бир кызматчы, биринчи эле кирген мамлекетте жыйырма үч алтынын сарптап койсо, башка жерлерде эмне кылат? Өкмөткө эмне деп жооп берет? Ушундай кылган адам өзүн акылдуумун деп айта алабы? Мына ошондуктан, Аллах Таала инсанга эки жашоонун тең керектелүүчү нерселерине ээ болуусу үчүн жыйырма төрт сааттык убакыт берген. Бу дүйнөдө падыша, ал эми акыретте кедей болуп калбоо үчүн, көптү азга жана азды көпкө берүү шарты менен жыйырма үч саатын кыска жана убактылуу болгон бу дүйнө жашоосуна, эч эле болбоду дегенде бир саатын да беш убакыт намазга жана түбөлүктүү, соңсуз Акыреттик жашоосуна сарптоосу керек.