Get Mystery Box with random crypto!

Ал эми фараондун үй-бүлөсү жана анын жолундагы адамдар жөнүндө | "Мусулман кыз" Английский курс📚

Ал эми фараондун үй-бүлөсү жана анын жолундагы адамдар жөнүндө Алла Таала мындай айткан: «Алар анда эртели-кеч отко күйгүзүлөт. Кыямат болгон күнү: “Фараон коомун катуу жазага киргизгиле!” – деп айтылат». (Гафир 46)
Зайд бин Сабиттин сөзүнөн берилген хадистердин биринде Пайгамбарыбыздын айтканы келтирилет:
«Эгерде силер бири-бириңерди (өлгөндөрдү) көмбөсөңөр, анда кабырларда маркумдар кыйналып жатышкандарын мен угуп жүргөндөй силерге да угузушун Алладан сөзсүз сурайм». Мындан кийин ал элге бурулуп туруп айтты: «Көр азабынан сакташын Алладан сурагыла». Алар айтышты: «Көр азабынан сакташын Алладан сурайбыз». Андан соң ал дагы айтты: «Көр азабынан сакташын Алладан сурагыла». Ошондо адамдар айтышты: «Көр азабынан сакташын Алладан сурайбыз». (Муслим)
Кабырдагы жыргал жашоолор болсо чын ыкластан ыйман келтиргендер үчүн даярдалган. Алла Таала айтты:
«Чындыгында: «Раббибиз Алла» — деп айтышкандарга, андан кийин бекем турушкандар, аларга периштелер түшүшөт: «Коркпогула, кайгырбагыла, силерге убада болгон бейишке кубангыла». Фуссилат (41:30)
Жана да Алла Таала айткан:
«Жан алкымга жеткен кезде, ал учурда силер карап турасыңар. Биз силерге караганда ага жакыныраакпыз. Бирок силер көрбөйсүңөр. Эгер жазаланбай турган болсоңор, айтканыңар чын болсо аны кайтарып бергилечи! Эгер ал Аллахка жакын адамдардан болсо, ага – ырхаттуу жыргал, жакшы даам жана сыйлуу Бейиш бакчалары бар.». Вакиъа (56:83-89)
Аль Бара бин Азибден (ра) айтылган хадисте өзүнүн мүрзөсүндө периштелерге жооп берген адам жөнүндө Пайгамбар САВ айткан:
«Ошондо асмандан үн угулат: «Менин кулум чындыкты айтты, ага бейиштен төшөнчү төшөгүлө, бейиштин кийимдерин кийгизгиле жана ал үчүн бейиштин эшигин ачып койгула». Ал бейиштин тынчтыгын жана жыргалчылыгын татып билет, анын мүрзөсү көз жеткенчелик кеңейет». (Ахмад жана Абу Дауд)

Аягы