Get Mystery Box with random crypto!

КИТЕП ОКУУНУН ПАЙДАСЫ Ой жүгүртүүнү жогорулатат. Биз канчалы | "Мусулман кыз" Английский курс📚

КИТЕП ОКУУНУН ПАЙДАСЫ

Ой жүгүртүүнү жогорулатат. Биз канчалык көбүрөөк китеп окуган сайын, "эмне деген идеяны бергиси келген " деп ойлонуп , ой жүгүртүүбүз өнүгө баштайт.

Стресстен арылууга жардам берет. Жатаар алдында окуп жатсаңыз, психика калыбына келип, тынчтанып калат.

Сөз байлыгын көбөйтөт. Ар түрдүү жанрдагы китептерди окуу м.н сөз байлыгын көбөйтүп, билимдүү боло аласыз.

Өзүңө ишенген адам болууга жардам берет. Адамдар м.н сүйлөшүп жатканда түрдүү темаларда сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк берип, өзүңүздү эркин алып жүрөсүз.

Чыгармачыл адам боло аласыз. Китептерден көп идеяларды алып, жашоодо аларды ишке ашырса болот.

Уйкуну жакшыртат. Уктаар алдыда дайыма окуп жүрсөңүз , организм көнүп, окуп баштаганда эле уйкуга даярданып, тынч эс аласыз.

Эске тутуу м.н логиканы жакшыртат. Китеп окуганда чыгарманы түшүнүш үчүн, көп нерсени эске тутуп, логиканы иштетиш керек.