Get Mystery Box with random crypto!

*Биздин алсыздыктар* туурабы? Биз ачууланганда даарат алууну | Үмүт✨🌸

*Биздин алсыздыктар* туурабы?

Биз ачууланганда даарат алуунун ордуна адамдарга кыйкырып, ачуубузду алардан чыгарабыз.

Биз маанайыбыз чөккөндө Аллага арманыбызды айтып кайрылгандын ордуна досторубузга ыйлап, даттанабыз.

Биз стресске батканда Куран уккандын ордуна музыка угабыз.

Бизди бирөө капа кылса же алдап кетсе, биз сабыр кылуунун ордуна өч алууну пландаштырабыз.

Жан-дүйнөбүз боштукка кабылса Алланы зикир кылуунун ордуна кино көргөнү жөнөйбүз.

Биз ар дайым тынчтык жана бакытты туура эмес нерселерде жана туура эмес жерлерде издейбиз.

Алла Таала баарыбызды туура жолго салсын...