Get Mystery Box with random crypto!

Сен мени мен сени сагынып, Сезе албай дүйнөнун кеңдигин Бир | 🕊~Махабатым ~🕊

Сен мени мен сени сагынып,
Сезе албай дүйнөнун кеңдигин
Бир өмүр арманда өтөрбүз
Билгизбей жүрөктүн кемдигин

Арналып башкага айыпсыз
Ачабыз алардын бактысын
Жалгандан жылмайып жашайбыз
Жашырып жан дүйнө жартысын

Тизгиндеп болбостур кыялды,
Тилеймин өмүрүң күндө миң
Мээримим алыстан сезе жүр
Мениким менчигим сүйгөнүм..