Get Mystery Box with random crypto!

Сен жанымда болгондо - Айлангансыйм бүт дүйнөлүк борборго. Сен | 🕊~Махабатым ~🕊

Сен жанымда болгондо -
Айлангансыйм бүт дүйнөлүк борборго.
Сен жанымда жок кезде –
Бата берем оор санаа ойлорго.
Кандай болмок карааныңды жоктотпой
Сен экөөбүз бир денеде болгондо:
Айрылышпай бирибизден бирибиз,
Тең ачылып, тең жумулуп көзүбүз,
Сүйлөгөндө бирдей чыгып сөзүбүз.
Бөксөргөндө бир бөксөрүп,
Толгон кезде бирдей толуп көөнүбүз.
Бир ооз менен суу ичип,
Бир мурундан дем алып,
Экөөбүздө согуп турса бир жүрөк,
Бирдей үмүт, бирдей арман, бир тилек.
Ошондо да сени издеп,
Элесиңди сагынып
Азап чеге берет белем ким билет?!..