Get Mystery Box with random crypto!

​ Жаңы офис, жаңы кадамдар Урматтуу окурманым, бизде абд | Кыргыз Программист / АйТи адамдын канаты

Жаңы офис, жаңы кадамдар

Урматтуу окурманым, бизде абдан сонун жаңылык бар. АйТи тармагындагы аракеттерибиз акырындык менен чоңоюп жатат.
Өзүңүздөр билгендей, буга чейин биз онлайн гана иштеп, онлайн гана окутат элек.

Офисибиз болгону менен ал жерде көп деле болчу эмесмин. Аптасына 2 күн гана офисте отуруп иштесем, көбүнчө онлайн иштейт элем.
Эми болсо, жаңы офиске көчтүк. Жаңы офисибиздин шарты болсо абдан сонун. АйТи тармагына салым кошууну эми ушул жерден улантабыз жана жумасына 2 күн эмес, керек болсо 7 күн отуруп иштей турган жерге келдик.
Горький көчөсү менен Чехов көчөсүнүн кесилишине келип кетиңиз урматтуу окурманым, офисибиз дайыма сиздер үчүн ачык.

Эми болсо офисибиздин айрым сүрөттөрүн сиздерге сунуштайын, көрүп, лайк басып, жактырып, бөлүшүп, таратып, ой-пикир жазып, сын-пикир жазып салыңыздар.

Өзүңүздү өнүктүрүңүз, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуңуз!

Турат Алыбаев, Бишкек шаары, 9-август, 2022-жыл. Жаңы офис.