Get Mystery Box with random crypto!

​ АйТи окуу үчүн же программист болуу үчүн кандай ноутбук кере | Кыргыз Программист / АйТи адамдын канаты

АйТи окуу үчүн же программист болуу үчүн кандай ноутбук керектелет?

Бул суроого мурда да макала жазгам, азыр бул суроо кайрадан эле актуалдуу болуп жаткандыгы үчүн, кыска жана нуска дагы бир ирет маалымат жазып коюуну туура көрүп турам.

Бул жазгандарым минималдуу талаптар экенин унутпоо керек, програмдоону баштап жаткандар үчүн жарактуу деп эсептелген ноутбуктун талаптарын жазам. Албетте чөнтөгүңүзгө жана өзүңүздүн жеке талаптарга жараша мындан да жакшысын алып, кодонсоңуз эмнеге болбосун.

Программалоо окуу үчүн, ноутбуктардын маркасынын айырмасы жок. Кандай маркада болсо болсун, бул талаптарга туура келсе ала берүү керек.

Ноутбуктар үчүн азыр өтө маанилүү болгон нерсе Hard Disk деген нерсе SSD болушу зарыл, ал минимум 256 ГБ болсо жакшы болот.

Процессор: AMD Ryzen 5, CPU 2.0 GHz же Core i5 CPU 2.0 GHz;
RAM: 8 GB же 16 GB;
SSD: 256 GB же 500 GB;
Video Card: Yes;

Урматтуу окурманым, дагы да кайталап эскерте кете турган болсом, бул жазылган талаптар, эң минимум деген талаптар.

Эми, мындай талаптагы ноутбуктарды канча сомдон тапса болот деген суроо пайда болот. ЦУМда жана онлайн ноутбук саткан дүкөндөрдө бул талаптагылар 60-65 миң сомдон башталып, 80-90 миң сомго чейин болот экен. Албетте айрым ноутбуктар ушундай эле талапта болсо да, маркасы кымбат болуп калат, чынын айтканда маркасы эч кандай мааниге деле ээ эмес. Бирок ошол эле учурда чынында маркасы баага татыктуу болгондору да, ал Макбук деп ойлойм, а Макбук болсо бул ноутбуктардан жок эле дегенде 2 эсе кымбат турат.

Урматтуу окурманым, өзүңүздү өнүктүрүңүз, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуңуз. Согушка куралсыз, дыйканчылыкка шаймансыз бара албагандай эле, АйТиге да ноутбуксуз бара албайсыз, андыктан эң негизги шайманыңызды туура тандап алыңыз! Сизге ийгилик каалайм!

Турат Алыбаев, Бишкек шаары, 29-июнь, жума, 2022-жыл.