Get Mystery Box with random crypto!

​ Шашылыш билдирүү, сиз 100 миң сом утуп алдыңыз! Урматтуу | Кыргыз Программист / АйТи адамдын канаты

Шашылыш билдирүү, сиз 100 миң сом утуп алдыңыз!

Урматтуу окурманым, АйТи тармагынын өнүгүшү менен, АйТи алдоолор да абдан күч алып турган учуру. Шашылыш билдирүү, Айыл банк акысыз акча таратып жатат. Тезинен кире калыңыз сиз 100 миң сом утуп алдыңы. МЧС ар бир адамга 100 миң сомдон таратып жатат. Онлайндан 100 миңге сомго чейин оңой табыңыз. Кыскасы урматтуу окурманым, ушул өңдүү алдамчылык менен акча таап жаткан, онлайндын артыкчылыгын колдонуп шылуундук кылып жаткандар абдан күч алып кетти.

Мындай нерселердин чын же жалган экенин кантип билебиз?

Чынында бул нерселер биздин сабатсыздыгыбыздан жана оңой байып кетүүнү каалаган жеңил ойлуулугубуздан улам болуп жатат. Эч качан оңой байып кетүү деген болбойт. Бир жолу млн утсаңыз деле аны кармап калууну билбейсиз. Андыктан туура жол менен байыганга аракет кылыңыз, жана байып кетем деп акыркы акчаңызды алдатып койбоңуз. Мындай шылуундукту билүү үчүн төмөнкү нерселерге көңүл буруңуз.

1. Мисалы, Айыл банк ар бир адамга 100 миң сомдон акча таратып жатат, бул шилтемени басыңыз деген маалымат келсе. https://www.ab.kg/ шилтеме банктын ушул расмий сайтына алып барабы, же башка эле бир жакка киреби, ошону тактап алыңыз.

2. Келген маалыматтын туура же ката жазылганына көңүл буруңуз. Себеби расмий маалыматтар туура жазылат. Грамматикалык же орфографиялык каталар менен жазылган болсо, бул туура маалымат эмес.

3. Келген маалымат расмий бир адамдын атынан таратылганбы, ошону караңыз. Мисалы Айыл Банктын директору баланча деп жазылат. Ага атайын мөөр басылып жана кол коюлат. Мисалы мен ар бир макаламды жазганымда аягына сөзсүз аты-жөнүмдү, кайда жазганымды жана качан жазганымды кошуп жазам. Мамлекет тарабынан же кандайдыр бир компания тарабынан расмий бериле турган байгелер сөзсүз расмий жазылат.

4. Мындай жалганчылык менен келген шилтемелер көбүнчө сиздин банк эсептериңизди, карта номерлериңизди сурайт. Азыркы учурда көпчүлүк адамдар, мугалимдер, пенсионерлер акчасын карта менен алып калгандыктан, алардын медиасабатсыздыгы менен шашмалыгын пайдаланып акчасын чыгарып кетип жаткандар абдан көп. Мисалы бир шилтеме келип, ага карта маалыматтарын киргизиңиз десе эч качан киргизбеңиз. Картанын эки тарабында номер берилген. Бир тарабында 16 цифралуу бир номер жана ошол эле бетинде картанын жарактуу мөөнөтү. Эгер сизге бирөө акча которушу керек болсо, ушул 16 цифралуу номер гана жетиштүү, башка маалыматты берүүнүн кажети жок. Качан гана сизден акча алынганы жатканда ушул 16 цифралуу номер жана жарактуу мөөнөтү, ал тургай арткы бетиндеги CVV код дегенин да талап кылынат. Бул маалыматтарды жазган болсоңуз, анда сиз өз ыктыярыңыз менен акча бердиңиз дегенди билдирет. Буга эч ким, эч нерсе кыла албайт.

5. 5 группага таратсаң единица түшөт экен, мен дагы уттум, бул чындык деген сыяктууларды да башка группаларга эч качан таратпагыла. Эмне болмок эле деп ойлобоңуз, балким сизге эч нерсе болбошу мүмкүн, бирок бирөөнүн тагдырына, чөнтөгүнө сиз себепкер болуп зыян келип калбасын.

Урматтуу окурманым, мен сиздин акча уткуңуз келгенине каршы эмесмин, бирок сиздин алданып жатканыңыз бул өлкөнүн күйүмдүү жараны катары менин жүрөгүмдү оорутат. Айрым алдамчылар сиздин карта маалыматты алып коёт, дароо акчаңызды албайт, бирок ай-сайын 200-300 сомдон айлыгыңыздан кармап жаткан болушу ыктымал. Сизден 300 сом билинбейт, бирок шылуундар миңдеген адамды ошентип алдап турса, бул алар үчүн өтө чоң киреше. Сак болуңуз урматтуу окурманым.

Өзүңүздү өнүктүрүңүз, шылуудардын акча табуусуна эмес, өзүңүздүн өнүгүүңүзгө салым кошуңуз, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуңуз. Бул макаланы башкаларга таратып, түшүндүрүп бериңиз. Эч ким алданбасын. Алданбаңыз, жеңил ойлуу болбоңуз. Бекер сыр капканда болот.

Турат Алыбаев, Бишкек шаары, 26-июль, 2022-жыл.