Get Mystery Box with random crypto!

​ АйТи окусам жумуш таап кете аламбы? Салам урматтуу окурма | Кыргыз Программист / АйТи адамдын канаты

АйТи окусам жумуш таап кете аламбы?

Салам урматтуу окурманым, ушуга эле окшош макаланы буга чейин да жазгам, дагы бир ирет жаза кетүүнү туура көрүп турам, анткени дагы деле бул суроо абдан көп келип жаткан учуру.

Мурда да айтканымдай, азыр да кайталап айтайын азыр жумуш издесеңиз табылбайт, же тагыраак айтканда азыр жумушка кире албайсыз, сизди алышпайт, эмнеге анткени бул суроону берип жаткан болсоңуз, сизде билим жок дегендик, АйТи тармагына эмес, деги эле бардык эле тармакка билимиң же жөндөмүң жок болсо ишке албагандай эле, АйТи тармагына да ишке албайт, көп ойлонбой дароо окуп баштаңыз.

Окудуңуз, университет, коллеж же курс, айырмасы жок кыскасы окупсуз, эми жумуш табылбай жатабы, анда өзүңүздү жакшы өнүктүрүңүз, себеби жумуш абдан көп.
Эгерде сиз окуп, конкреттүү бир кесиптин же конкреттүү бир жөндөмдүн ээси болсоңуз, жумуш издөө ошончолук оңой болот.

Азыр сизге жумуштардын тизмесин жана айлыктарын көрсөтө кетейин.
Мисалы, сиз Python разработчик – деген кесиптин ээси болсоңуз, өлкөбүздөгү АйТи жумуштары жарыялып жүргөн www.dev.kg сайтында эле 627 жумуш орду жарыяланганын көрсөңүз болот. Жана бул тармактын жумуштарынын айлыктары да, оңой-олтоң эмес. Орточо эле айлыктар 1000 АКШ долларынан 2000 АКШ долларына чейин экенин көрсөңүз болот.

Оюңузга келген кайсы бир багыты болсо, ошону издеп сиз да тапсаңыз болот. А мен болсо, биздин Флаттер тармагынын жумуштарын дайыма карап, биздин студенттерге, кесиптештерге ыңгайлуу болгонун сунуштап, кээде өзүм байланышып жумуш сурап турам. Айрымдары мага чалып, жазып програмчы сурап калышат, достор, тааныштар кайрылат.
Ошол эле сайттагы Флаттер жумуштарынын саны да 100 дөн жогору экенин байкадым, көпчүлүгүнүн да айлыгы 1000 АКШ долларынан жогору, 4500 АКШ долларына чейинки айлык акы менен жумуштарды көрдүм.

Эми урматтуу окурманым, бул жерде эскерте кете турган маселе бар, сиз окуй калып эле, университетти же курсту бүтүп эле 4500 АКШ долларын колго кармайм десеңиз жаңыласыз, башында акысыз болсо да иштеңиз, тажрыйбага, билимге каныгыңыз, күчтүү адис болуңуз, анан 500-600 доллар болсо да айлык менен иштеп баштайсыз, дагы өсүңүз, дагы үйрөнүңүз, анткени билимдин чеги жок, илимдин түбү жок, сиз канчалык окуган сайын, үйрөнгөн сайын тапканыңыз да артат, үйрөнүүнү, изденүүнү адатка айлантыңыз. Жеңил ойлуу болбоңуз, тез акча табууга умтулбаңыз.

Өзүңүздү өнүктүрүңүз, өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуңуз!

Турат Алыбаев, Бишкек шаары, 13-июль, 2022-жыл.