Get Mystery Box with random crypto!

​ Чын жүрөктөн каалаган жокмун, бирок эмнеси болсо да Windows | Кыргыз Программист / АйТи адамдын канаты

Чын жүрөктөн каалаган жокмун, бирок эмнеси болсо да Windows 11 ге өттүм!

Windows XP SP1
менен баштагам, компьютер колдонууну, ага чейин деле колдонот элем, бирок системалык жактарын көп жакшы түшүнчү эмесмин, Windows XP SP1 ден баштап жакшы түшүнө баштаган элем.

Нурбек Исмаилов досум установка кылып берет эле, бирдеме болуп виндоустар иштебей кала берет эле, вирус кирип кетет, тез-тез эле переустановка деп барып калам. Бир жолкусундан 1 күн кечке күтүп установка кылдыра албай калдым, себеби колу бошобой жатты, анан кеч киргенде компьютеримди колума карматып, "Бар Турат, өзүң установка кылып алчы" - деди. Ой кой, колдон келбейт десем, "дале, дале, дале дегендин эмнеси колуңдан келбейт, бар өзүң эле установка кылып ал" - деп жолго салды. Ошондо балким таарынсам керек, бирок ошонусу аябай туура болуптур, азыр ойлонуп отурсам.

Ошол күндөн ушул күнгө, Windows системасы менен мамиле жакшы. Windows XPден Windows 7 ге өтүү да аябай оор болгон, өтпөй жүрүп анан өткөм, 7 ден 10 го да ошондой, эми минтип Windows 11 ге да өтүүгө туура келип калды! Чын жүрөктөн каалаган жокмун, бирок өттүм.

Баарыңыздарга ийгилик каалайм, дүйнө жана дүйнөдөгү бардык нерсе өнүгүп жатат, өсүп жатат, а өмүр болсо токтобой мүнөт санап, секунд санап өтүп жатат, келиңиз урматтуу окурманым, сиз дагы өсүп өнүгүп калыңыз, замандан, замандын талабынан артта калбаңыз! Өзүңүздү өнүктүрүп, өлкөбүздүн өнүгүүсүнө салым кошуңуз! Өзүңүздү өнүктүрүңүз, өзгөлөрдүн өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүңүз, өзүмчүл болбоңуз, өнүккөн чөйрө, өсөйүн деген адамдар менен бирге болуңуз, башкаларды бактылуу кылууга, башкаларды жакшы жашатууга аракет кылыңыз, биз дагы ар дайым ошентебиз!

Турат Алыбаев, Бишкек шаары, 30-май, 2022-жыл!