Get Mystery Box with random crypto!

​ Амазондо бизнес кылыңыз 1900-жылдардын тегерегинде Англ | Кыргыз Программист / АйТи адамдын канаты

Амазондо бизнес кылыңыз

1900-жылдардын тегерегинде Англиянын улуттук патентинин жетекчиси айтыптыр, “ачылыш кыла турган нерсе калган жок, эми жаңы ачылыш кылынбайт, бардык ачылыштар болуп бүттү” – деген экен.

Азыр туруп ойлонуп коём, ошол жетекчи азыр кокус келип калса? Эмне деп айтат болду экен?
Мейли кыскасы, ал аны менен кетсин, бирок, бүгүнкү заманда да ачылыштардын, жаңылыктардын арты үзүлбөйт. Бизде да СССР деген өлкө тарап, өлкөбүз эгемендик алганда, базар экономикасы деп, элдин баары бир нерсе сата баштаганда, бирөө айтыптыр, “Кыргыздар минтип сата берсек, 10 жылга жетпей, бардыгы сатып бүтүп, эч нерсеси жок калабыз” – деп.

Ачылыштардын арты тыйылбагандай эле, сатуунун да аягы тыйылган жок. Эми болсо, сатуунун жана сатып алуунун жаңы ыкмалары чыкты. Онлайн бизнес деген чыккандан кийин эмнени айтасың. Бүгүн өз каналымда бир-эки сурамжылоо кылдым эле. Сурамжылоону байкасам онлайн бизнес кылууга, деги эле бизнес кылууга кызыккандар көп экен.

Анда, сиздер үчүн өзүмдүн окуучум Чубак Шаршеновдун Ийгилик Академиясы менен бирге ачкан жакшы бир онлайн курсун сиздерге сунуштайм. Ал жигит, өзү бир топ жылдан бери Амазон аркылуу онлайн бизнес менен алектенип келе жатат. Балким кызыккандар болсо, макаланы улантып окуп, видеону көрүп чыксаңыздар болот.

Амазон - бул дүйнөдөгү эң чоң онлайн соода аянты болуп эсептелет. amazon.com сайты Америкадагы эң ири интернет маркетплейс. Бул сайттан күнүмдүк жашоо тиричиликке керек болгон товарлардан тартып электроника жана башка көптөгөн түрдүү товарларды заказ кылсаңыз болот.

Бул платформа товарларын тез убакытта жеткирип бергендиги үчүн азыркы учурда абдан популярдуу. Амазон клиенттерине болушунча лоялдуу болгону үчүн көпчүлүгү ушул сайтты тандашат. Бул сайтты 1 айда 2.5 млрд адам колдонот. Амазон компаниясынын негиздөөчүсү Джеф Безос ушунун аркасынан дүйнөдөгү эң бай адам болгон.

Эмне үчүн Амазон?
Амазон - капиталтизациясы триллион доллардан ашкан дүйнө жүзүндөгү эң чоң компаниялардын бири
Амарикадан башка дагы 13 өнүккөн мамлекеттерде официалдуу түрдө иштеп келе жаткан интернет платформа.
Онлайн бизнес. Товарларды складтарда сактоо жана клиенттерге жеткирип берүү кызматын Амазон өз жоопкерчилигине алат.
Эркин бизнес. Бир орунга жана убакытка байланбастан, каалаган учурда жана дүйнөнүн булуң бурчунда туруп интернет аркылуу иштөө мүмкүнчүлүгү.
Кризис же карантин деп кабатыр болбостон доллар менен киреше тапса болот.

Урматтуу окурманым, бул маалымат сизге жактыбы? Эгер жаккан болсо, Амазондо онлайн бизнес кылууга кызыктар болсоңуз, анда комментарийге жөн гана + белгисин калтырасыз, биз өзүбүз сизге байланышабыз.

Турат Алыбаев, Токмок шаары, 31-октябрь, 2021-жыл.