Get Mystery Box with random crypto!

СООЛУБАСЫН МАХАБАТ Үч сөз терип айталбадым, татыксыздай жашта | Калем✍

СООЛУБАСЫН МАХАБАТ

Үч сөз терип айталбадым, татыксыздай жаштадым,
Айлам кетип ырлар менен, сезим арнап баштадым.
Сезбединиз не кылайын, күч жок экен айтышка
Ушунчалык ойго батып, суроомо жооп таппадым.

Акыл калчап көп ойлондум себептерин издедим,
Жүрөгүмө жай бербестен сурамжылап тилдедим.
Согуп-сокпой тыс-тыс этип, "мен да билбейм" дегенде,
Билесизби асыл инсан, мен не дешти билбедим!

Эркелетип не кыласыз, үмүт менен кубанып?
Жашырбайын эртели кеч дал мен сымал кубарып.
Эки жолго түшөөрүбүз болсо анык айтсаныз...
Неге анда азыр барат мамилебиз уланып?

Баратабыз сапар тартып кайсы жайды аралап?
Көңүлдөрдү албайлычы кокусунан жаралап
Бакыт гана тартуу кылып болсок кана бактылуу?
Жан дүйнөдө гүл ачылган соолубасын махабат.

Автор: Эльмарт кызы Эльзада
19.04.2021