Get Mystery Box with random crypto!

Адам болгун!! Кандай баштайм, сөздөрүм ичиме толуп барат Көңү | Калем✍

Адам болгун!!

Кандай баштайм, сөздөрүм ичиме толуп барат
Көңүлүм баарын көрүп негедир, тынчсызданат
Кайда калган? Жоголгонго адамдык сапаттарын
Кылган ишин мүнөзүңдү булгап турат!!

Адам болгун! Мүнөзүңдү түздөп тургун
Кылчайып муктаждарга колуң сунгун
Корс болуп, көңүл сынар сөз айтпагын
Көңүл деген назик болот унутпагын!


Баш көтөрүп бийик койгун намысынды
Азыр оңдоп,ташта жаман адатыңды
Эч болбосо,бир ирээт ойлоп койгун
Жаныңдагы ата-эне жакыныңды

Автор: Калиева Каниет