2021-05-21 19:54:26
Кыял- бул Максат.
Кыял менен максат эриш-аркак жүрүп,алдыга койгон максатыңыз так жана конкреттүү болсун.
Мисалы сиз "көп акча табышым керек" деп кыялдандыңыз дейли.
Ал акчаны таап жатасыз, бирок ошол акчалар билинбей эле колдон учуп жатат. Же болбосо "Англис тилин үйрөнөм" деп максат коюп жүрдүңүз, бирок ал тилде эч ким менен баарлашпай турасыз. Андыктан акчаны тапкандан кийин каяка жумшаарынызды, тил үйрөнгөндө ким менен сүйлөшөөрүңүздү же кандай жумушка кирээринизди элестетиңиз.
Кыялдар максатка жетелейт. Сиз адамдарды же болуп жаткан окуяларды өзгөртө албайсыз.
Бирок өзүңүздү өзгөртүү менен
кыялдарынызды оорундатып, максаттарынызга жете аласыз.#Жүрөктөн #чыккан #сөздөр
1.5K views16:54