Get Mystery Box with random crypto!

Бир адам өзүн ушунчалык бактысыз сезет экен.Бир күнү кечинде а | jurokton

Бир адам өзүн ушунчалык бактысыз сезет экен.Бир күнү кечинде адатынча өзүн
" бактысызмын "деп ойлоп уктап калыптыр.Эртең менен ойгонсо айлана жымжырт.Көчөгө чыкса көчөдө эч ким жок.Бир да тирүү зат жок.Ары басат,бер басат эч ким көрүнбөйт.Акыры чарчап бир чекеге олтуруп калат.Жалгыздыктан тажап кетет.Кийин караса бутунун түбүндө бир кумурска жүгүрүп баратыптыр.Адам ушунчалык кубанып,өзүнү бактылуу сезип кетиптир...
Кокусунан ойгонуп кетет..Көрсө,түшү экен.Сыртка чыкса чымчыктардын сайраганы,үй-бүлөсүнүн үндөрү,көчөдөн машиналардын үндөрү угулуп жаткан болот.Ошондо киши түшүнүп жетет.Жашоосунан бир адамдын аны таштап кетиши бактысыздык эмес экендигин...
Чынында жалгыз эмес экендигинди билбей жашоо жалгыздык экен.А чыныгы бактысыздык болсо бактылуу экениңди билбей жашоо экен...
Ассалому алейкум бактылуу адамдар!Дагы бир бактылуу күнүбүз аяктап баратат..