Get Mystery Box with random crypto!

Күйөөсү ачуу үстүндө аялынын жаагына бир чаап жиберди. Аялы: ' | jurokton

Күйөөсү ачуу үстүндө аялынын жаагына бир чаап жиберди. Аялы: "Мен арызданамын!-дейт. Ошондо али да ачуусу таркабаган күйөөсү: "Үйдөн чыга алсаң...?!-дейт.
-Ошондо мени эшик менен терезени жаап, үйдө кармайсыңбы?! Жок, ал мен үчүн тоскоол боло албайт.
-Ошондо эмне кылайын деп жатасың?
-Анын жолун табам,- деп жооп берген аялы, жуунучу бөлмөгө кирип кетти.
______
Күйөөсү: "Аааа... Мына терезеден качамын десе керек?! "-деп, үйдүн сыртына чыгып, жуунучу бөлмөнүн жанында күтүп турат. Бирок, канча күтсө да терезеден эч ким көрүнбөйт. Ошондо: "Буга эмне болду? "-деген ой менен күйөөсү үйгө кирет.
Үйүнө кирсе, аялы даарат алып, жуунучу бөлмөдөн чыгып жаткан экен. Жүзү менен колунан даараттын издери көрүнүп турду. Ошол саатта күйөөсү: "Эми эмне кылаар экен?! "-деп ойлоп турганда, аялы ага жылмая карап: "Мен азыр Аллах Таалага арызданамын. Ал үчүн эч бир эшик тоскоол боло албайт! "-деди да, жайнамазды алып, намазга жыгылды.
Муну көргөн күйөөсү унчукпастан, турган жеринде катып туруп калды. Аялы намазын узак окуйт. Жада калса, намаздын сежжесинде да узак турат.
Аялы намаз окуп болгон соң, иштин маанисин түшүнгөн күйөөсү: "Айрыкча сеждеде көп дуба кылдың го дейм ээ?! "-дейт.
Аялы бетине карап туруп, жай гана: "Сен кандай ойлойсуң? -дейт. Кылган ишине өкүнө баштаган күйөөсү: "Негизи сага кол көтөрөйүн деген оюм жок эле. Ачуу үстүндө байкабастан сага кол көтөрүп алдым "-дейт. Ошондо аялы: "Аны мен да түшүндүм. Ошол себептүү сеждеде сизден эмес, балким, арабызга түшкөн лаанати шайтандан сактоосун сурандым. Акыреттик жолдошум, балдарымдын атасына жамандык тилесем, мен кандай аял болом?! -дейт. Муну уккан күйөөсү көзүнө жаш алып, аялынын эки колунан өөп: "Кудай акы! Мындан кийин сага эч бир жамандык кылбайм! -деп ант ичет.
______
Бактылуу үй -бүлөнүн куралы сабырдуулук!
Шайтандын эң жакшы көргөнү үй -бүлөнү бузу! Акылдуу аял кетем деп коркутпайт анын жолдорун издеп Жаратканга таянат!
______
Пайгамбарыбыз алайхис салам айтат: "Дүйнө ырахаттардан турат. Дуйнөнун эң жакшы ырахаты такыба аял!" (Муслим)
______
❃⟳ᴇsᴋᴇʀᴛᴋɪɴ ᴇsᴋᴇʀᴛᴜᴜ ᴍᴏᴍᴜɴᴅᴀʀɢᴀ ᴘᴀɪᴅᴀ ʙᴇʀᴇᴛ.(ᴢᴀᴀʀɪʏᴀᴛ sᴜʀᴏᴏsᴜ 55-ᴀʏᴀᴛ.)⟳❃
❃⟳ʙɪᴢ ᴇᴍᴇᴢ, ʙᴀʀᴀᴋᴄʜᴀ ᴛᴀᴋʏʙᴀ ⟳❃
___
баракчабызга катталыңыз
꧁@soliha.kyz.kg ꧂
https://t.me/jurokton