Get Mystery Box with random crypto!

УЙКУ ӨЛҮМДҮН БИР БӨЛҮГҮ АНДЫКТАН РАББИҢДИ ЭСТЕП ЖАТ! Хузайфа | jurokton

УЙКУ ӨЛҮМДҮН БИР БӨЛҮГҮ АНДЫКТАН РАББИҢДИ ЭСТЕП ЖАТ!

Хузайфа ибну Яман, радыяллаху анху, айтты:
«Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, кечинде төшөгүнө жатканда колун бетинин астына коюп мындай дейт эле: «Аллахумма бисмика амууту уа ахья.
(Оо, Аллах! Сенин атың менен жан беремин жана тирилемин».

Ал эми уйкудан турганда мындай деп айтат эле: «Альхамду лиллаахиль лазии ахйаана баъда маа амаатанаа уа иляйхин-нушуур.
(Бизди өлтүрүп кайра тирилткен Аллахка мактоо-шүгүрлөр болсун жана (кыяматта) кайрадан тирилип Ага гана кайтабыз)». (Сахих Бухари, 6314)

ХАДИСТИН ТҮШҮНДҮРМӨСҮ
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, бардык абалда Аллахты эстеп жүрөт эле. Эртең менен уйкудан турганда: «Оо, Аллах! Сенин атың менен жан беребиз жана жашайбыз» – деп, кечинде жатаарда: «Бизди өлтүрүп кайра тирилткен Аллахка мактоо-шүгүрлөр болсун жана (кыяматта) кайрадан тирилип Ага гана кайтабыз» – деп Аллахты эстеп анан уктайт эле. Анткени уйку бул – өлүмдүн бир бөлүгү. Аллах таала уйкудагы адамдын жанын турганда кайра кайтарат. Аллах анын жанын кайра бергендиги үчүн Ага мактоо шүгүлөрдү айтып Аны эстөө зарыл. Уйкудан турганда Аллахты эстеп, күндү жакшы амалдар менен баштоо жана кечинде уктаардан алдын Аллахты эстеп уктоо ошол күнгө береке жана жакшылыктарды алып келет.
Биздин канал
https://t.me/jurokton