Get Mystery Box with random crypto!

Бай бирок байкуш адамдын окуясынан сабак алыныздар! Британия | jurokton

Бай бирок байкуш адамдын окуясынан сабак алыныздар!

Британияда бир бай киши болгон экен.
Ал ушунчалык бай болгондуктан, Британия өкмөтү андан зарыл учурда карызга акча алып турган экен.

Ал акчасын өзүнүн чоң сарайынын жашыруун бир бурчундагы бөлмөсүндө сактаган. Ал жерди андан башка эч ким билген эмес.

Бир күнү ал казынасына кирип, эшиктин ачкычын унутуп, аны катуу жаап, ошол бөлмөнүн ичинде камалып калат. Ал убакта мобилдик технология деген нерсе жок болчу. Бөлмөнүн ичинде кыйкыра берет, бирок анын үнүн эч ким укпайт.

Сарайдын кызматкерлери аны бир саякатка кеткен болушу мүмкүн деп ойлошот, анткени ал көп учурда эч кимге айтпай саякатка чыгып кетет экен эле.

Бир нече күн өтөт. Анын алдында үйүлгөн алтын жана баалуу таштар жатат, бирок ал ачкалыктан жана сусоодон кыйналып жатты.

Ошентип, ал өлөр алдында алтын куймасы менен манжасын кесип, кан менен дубалга төмөнкүлөрдү жазат.

"Дүйнөдөгү эң бай адам ачкалыктан жана суусоодон өлүүдө"

Ал кишиге топтогон байлыгы бул дүйнөдө жардам берген жок.

Ошондуктан туугандар, бул окуядан сабак алчу нерсе, байлыкты топтой бербей, аны акыретибизе инвестиция кылалы.

Сөзүмдү Аллах Тааланын аяттары менен аяктайын.

"Ал Күнү (акыретте) мал-мүлк да, бала-чака да эч пайда бербейт. "

"Бирок, ким Аллахка таза жүрөгү менен келсе гана
(ошол пайда берет) – деди."

"Кудайдан корккондорго Бейиш жакындатылат."

"Адашкандарга Тозок көрсөтүлөт."

(Шуаро сүрөсү 88,89,90,91 аяттар
(Тест аманат
Аманатка кыянат кылбаңыз эч жериң өзгөртпөйт киргизиңиз.)
Биздин канал
https://t.me/jurokton