Get Mystery Box with random crypto!

'Бойдок жүргөн жигиттин дини толук болбойт үйлөнгөнгө чейин' | jurokton

"Бойдок жүргөн жигиттин дини толук болбойт үйлөнгөнгө чейин"

"Силердин эң жаманыңар бойдогуңар"

ЖАКШЫ АЯЛ ЖАРЫМ ДИН
Анастан (р.а) риваят, Пайгамбарыбыз (с.а.в) айтты: "Кимге Аллах Таала жакшы аял берген болсо, Аллах Таала ага жарым дин менен жардам берди. Эми калган жарым дини жөнүндө Аллахтан коркууну ыктыяр кылсын (б.а калганында да аракет кылсын)".

Пайда: Жакшы аял жарым дин деп айтылды. Мындай берекелүү аял динге да дүйнөгө да пайдалуу экендиги анык.
Дүйнөнүн пайдасы махабат, бейпилдик менен үй бүлөсүнүн ичинде жашоо өтөт. Кызмат жана баш ийүү менен күйөөсүнө ырахат берет. Балдарын жакшы тарбиялайт. Акыреттин пайдасы дин иштеринде күйөөсүнө жардам берет. Намаз окууда, орозо кармоодо, Куран окууда жана калган дин ибадаттарында күйөөсүнө көмөк көрсөтөт. Аялынын жакшылыгынан күнөө жана уятсыздык үйүнө кирбейт. Балдары жакшы тарбия алат да, ата-энеси үчүн дүйнөдө бейпилдик тартуулоочу, Акыретте садака жарыя (үзгүлтүксүз сооп) болушат. Өзгөчө ушул заманда жакшы аял өтө чоң дөөлөт. Бүгүнкү күндө жашоонун жана бейкапарлыктын себебинен мындай нерсеге көңүл коюлбай калды.

Жакшы аял-өтө чоң дөөлөт
Абу Умамадан (р.а) риваят:Пайгамбарыз (с.а.в) Муаз бин Жабалга (р.а) айтты:"Ээ,Муаз!Шугур кылуучу журок,зикир менен алектенген тил жана жакшы аял,сенин динин жана дуйнонун иштеринде жардамчын.Бул элдердин тапкан нерсесинен жакшы".

Пайда:Жакшы аялдан динге жана дүйнөгө жардам болсо, өтө чоң дөөлөт. Жашоо ырахатка айланат,жыргалчылыкта өтөт да,динге жардам болот. Күйөөсүн күнөөдөн сактап,такыбалыкка белсентет.Жакшы болгондуктан өзү да күнөөдөн тыйылат, күйөөсүн да күнөөдөн тыят.Жакшылыкка күйөөсүн үндөйт,анын себебинен акыретке,динге, дүйнөгө пайда келет.Мындан артык кандай дөөлөт болсун?!
Аманат
https://t.me/jurokton