Get Mystery Box with random crypto!

Адал м-н арамды билбейсиңби Адамдарды бай кедей деп иргейсинби | jurokton

Адал м-н арамды билбейсиңби
Адамдарды бай кедей деп иргейсинби
Беш күндүк мына жалган дүйнөдөн сен
Жакшылык кылбай өтүп кетесинби

Өмүрдүн гүлү соолуп күндөн күнгө
А сен болсо жүрөсүң кыйын болуп
Көкүрөктү каккылап кыжырдантып
Акчаң менен мактанасың жер жүзүнө

Эй тууганым! Эсине сал, унутпагын
Акчаң эртең маанисиз кагаз болот
Күнөөлөрүн таразага салган кезде
Акчаларың сага келип колун созбойт

Кел тууганым кыйынсынба бул өмүрдө
Жаратканым окшош эле жараткан го
Топурактан жаралганбыз эгер билсең
Ошон үчүн жөнөкөй бол, менменсинбе

Ахмат кызы Ализа