Get Mystery Box with random crypto!

`Жүрөгүңүздү баасын билген адамга сактаңыз! 'Бисмилляхир-Ра | jurokton

`Жүрөгүңүздү баасын билген адамга сактаңыз!

"Бисмилляхир-Рахманир-Рахим"
Мээримдүү жана Ырайымдуу Аллах Тааланын ысымы менен баштаймын!

Менде баары жакшы, бирок көңүлүмө, жүрөгүмө негизи эле жашоомдун бир бөлүгүнө бир нерсе жетпейт...

Адамдардын арасында окуу, жумуш болуп жүрүп сезилбейт, бирок обочолонгондо өзгөчө жалгыз экеним сезилет.

"Биз силерди жуп-жуп кылып жаратпадыкпы?"
Ыйык Куран(30:21)

Сезимдер сүйлөсүн...

Ал дайыма жанымда бар болбосо да жашоомдо жана жүрөгүмдүн бир бөлүгүндө.
Сааттап чалып, жазбаса да эстеп турат. Мени абдан каттуу сыйлайт, мен үчүн баарына даяр.
Мен окуган китептерди чогу талкуулайбыз, чогу Куран окуйбуз.
Бутумду тарта албай чарчап келгенимде, капа болгонумда, жаныңыздамын баары жакшы болот деп ишендирет.
Күйөөсүн сыйлаш керек экенин, хадистерди жакшы билет, бекем амал кылат.
Өзүн башка көздөрдөн сактайт, сулуулугун ар кимге көрсөтө бербейт, шарият буйруган таризде кийинет.
Апакем, бир туугандарым менен мамилеси соонун.
Мен сапарга чыкканда узата албаса да жакшы барышымды айтат.
Окшобосо да жазгандарыма, кылган иштериме пикирин айтат.
Көбү мага каршы болуп, жүз бурушса да мени колдоп, эң оор күндөрдө да жанымда.

Ыйманымдын жарымы, соолихам. Инша’Аллах .

Админ:Баяман Талантбеков
https://t.me/jurokton