2022-01-18 18:11:45
Марафон
1)Бүгүн кандай пайдалуу нерсе кылдым?
2)Бүгүн мен максатыма жетүү үчүн эмне кылдым?
3)Чын эле ошол максат меникиби?
4)Мен канткенде ЖРТ дан өзүм каалаган баллга жете алам?
1)Бүгүн мен Ата-энеме жардамдашып үй жумуштарын аткардым
Шоокум журналын окудум
Телеграм каналымдан өзүмдүн сүйүктүү окупмандарыма тесттерди жөнөттүм (ЖРТ ) канал
Эгер сиз да пайда алгыңыз келсе мага жазыңыз @aizysh.
2)
Бүгүн мен максатыма жетүү үчүн оюман аналогиялар түздүм,себеби аналогия түзүү
ЖРТ да эң чоң пайдасын берет
ЖРТ дан 202 балл алган кыз айткан эле
....математикадан видео сабактарды көрдүм эсеп чыгардым(ЖРТ)
Китеп окудум Н.Кадырбеков агайыбыздын (Ээсине кайткан роза)
Ал китепти окуп ыйлайсыз,кулосуз кароче айтканга сөз коп
Жаза кетсең бир китеп.
Ошо...
3)
Чын эле ошол максат меникиби?
Ооба,Албетте ал сенин максатын.
Негизи ар бир адамдын алдына койгон максаты болот.Айлык,жылдык,кундук...Адам ошол максатка жетиш үчүн "кара жанын карч уруп" эмгек кылышы керек.
Кыйынчылыксыз максатка жетем деп ойлобо!
Максатыңа ким жетет?
Максатына максаты бар адам жетет.
Н.Кадырбеков
Максат+план+аракет=Ийгилик!
Планы жок максат бул жөн гана кыял!
4)Мен канткенде өзүм каалаган баллга жете алам?
Мен эң биринчи жалкоолук деген нерсе бар ошону женуум кк
Көп-көп практика кылуум керек
Коп:-коп китеп окуум кк
Анткени көп балл алгандардын көбү көп китеп окушкан.
Эрте туруум керек
Эрте туруу-ийгиликтин башаты
Эң негизгиси багынбоо керек
Пробный баллдан начар балл алып калсаң эле маанайын чөгүп отуруп калба!Тур аракет кыл.Ал жөн гана пробный тест эң негизгиси Чыныгы тест
"Ийгиликтүү инсандар деле айтатко мен 10 жолу ката кетирдим 10 жолу жеңилдим
10 жолу ийгиликсиз болдум
Бирок баш тартпадым",-дейт го
Ошон үчүн сен да Пробный тестерден эгерде начар балл алып калсаң маанайын чокпосун эң негизгиси аракеттен чарчаба!
Көп билген эмес,көп эмгектенген ийгиликке жетет!
Урматым менен,Айзат Алиева
Бул маалыматты мындан 1- жыл мурда ОРТ га даярданып жатып жазган экем .
Азыр каналымдан таап алып бир жагынан күлкүм келип , бир жагынан толкунданып өзүм жазганыма ишенбей отурам.
Карасам,максаттарым орундалыптыр .
Аллахыма шүгүр , азыр өзүм каалаган окуу жайда өзүм каалаган кесипте окуп жатам.
Силер да аракет кылгыла сөзсүз жетесинер.
Максатыңарга.
248 views15:11