2023-01-28 14:26:42
Шейх Альбани
Толук аты жөнү Абу Абдуррахман Мухаммад ибн аль-Хаж Нух ибн Нажатий ибн Адам аль-Ашкудири аль-Альбани аль-Арнаути. Жана Мухаммад Насыр ад-Дин аль-Альбани деген ат менен дагы белгилүү.
Ал 1914-жылы Албания өлкөсүндө туулган. Атасы менен беш жашында Дамаск шаарына хижра кылып ал жерде жашап, окуп жана таалим тарбия алат. Жана ал жердин шейхтеринен илим алат. Анын Дамасктагы Захирия китепканасында өзүнчө бөлмөсү болуп ал жерде хадис илимдерин изилдеген. Азыркы учурдун белгилүү хадис аалымдарынын бири болуп эсептелинет. Жана көптөгөн өлкөлөрдү сабак берип кыдырган. Алардын арасынан Саудия, Катар, Кувейт, Египет, Эмират, Испания, Англия, Германия, Австралия жана Ливан. Хадистерге талдоо, китептерге шарх берүү жана өзүнчө китеп жазуусу менен эсептегенде китептери 300 дөн ашат.
Аллахтын сыноолоруна кабылып эки жолу түрмөгө отургузулган. Алардан бири 1967 жылы бир айга Дамасктын чебине отургузулган. Дал ошол чепте шейх аль-Ислам ибн Теймия дагы отурган.
Өмүрүн Аллахтын элчисинин хадистерине арнап, мусулмандарга ишеничтүү хадистер менен алсыз хадистерди айырмалап жашап өткөн. 1999-жылы Иорданияда 84 жашында бул дүйнөдөн өткөн. Аллах аны Өз ырайымына бөлөсүн. Осуятында эртереек койгула деп осуят калтырганы себептүү каза болгондон кийин ооруканадан чыгарылып үйүнө алынып келинип кепинделип кабырга койулганга чейинки убакыт 4 саат болуптур. Чындыгында аалымдар пайгамбарлардын мураскорлору эмеспи. Аалым илимине амал кылбаса аалым эмес деп бекеринен айтылбайт.
Шейх Альбани жөнүндө аалымдардын айткан сөздөрү
Ибн Бааз (Аллах аны ырайым кылсын) ал жөнүндө мындай дейт:
"Азыркы учурда жер үстүндөгү хадис аалымдарынан Мухаммад Насыр ад-Дин аль-Альбанидей хадис илимин билген аалымдарды көрбөдүм".
Хайату аль-Альбани, 65-66
Жана андан пайгамбарыбыз алейхис саламдын:" Чындыгында Аллах ар бир жүз жылдын башында бул үммөткө динди жаңылоочуну жөнөтөт" деген хадиси жөнүндө сурашат. Ошол хадистеги азыркы кылымдын мужаддиди(дин жаңылоочу) ким деп суралынганда ал: "Шейх Мухаммад Насыр ад-Дин аль-Альбани. Бул кылымдын мужаддиди ошол деп ойлойм Аллаху аьламу" деген.
Шейх ибну Усеймин (Аллах аны ырайым кылсын):
"Альбани Аллах аны ырайым кылсын бул ахлю суннадагы адам. Ахлю суннаны коргоочу. Хадис илиминин имамы. Азыркы учурда ага тең келген эч кимди билбейбиз. Аны китептеринен кээде мажлистеринен билебиз. Диндеги алдыңкылардын акыйдасында жана туура манхаждагы киши".
Фатава улама акабир, 4
Биз бул аалымды катадан толугу менен оолак деп айтпайбыз. Анткени пайгамбарыбыз алейхис саламдан башкасы баары ката кетирүүчү. Ошол эле учурда аалымдардын этин жеген адамдарды эскертип кетебиз. Чындыгында аалымдардын эти ууланган. Аалымдар булар аулиялар а кимде ким аулияларды кадырын түшүрүп сөгүп этин жесе Аллах алардан өч алат. Ва Аллаху аьламу
Аллахка мактоолор жана пайгамбарыбызга Анын тынчтыгы жана мактоосу болсун!
https://t.me/imanjolu
88 views11:26